Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтү мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Башкы кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар

Кесиптик билимдин деңгээли:

экономика жана башкаруу,айыл чарба,архитектура,жол жана курулуш,табият таануу,энергетика жана электроэнергетика,башкаруу,саламаттыкты сактоо,педагогикалык,гуманитардык,социалдык багыттарга жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Жалпысынан 3-жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • экономика жана башкаруу,айыл чарба,архитектура,жол жана курулуш,табият таануу,энергетика жана электроэнергетика,башкаруу,саламаттыкты сактоо,педагогикалык,гуманитардык,социалдык багыттардагы жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1-жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же мунципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдан кем эмес иш стажы.

Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалифакациялык талаптар

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • кенже кызмат орундары – мунципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим (гуманитардык,экономикалык жана башкаруу).

Иш стажы жана тажыйырбасы :

  • иш стажына талап коюлбайт.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде малекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • компютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word,Excel,Санарип,СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Сынакка катышуу үчүн томөкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрөсөттүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөлсу ( иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөлөрү.

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

Документтер Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн кеңсесинде 10 күндүн аралыгында кабыл алынат.

Дареги.   Нарын  району,  Казан-Куйган айылы,Бакай-ата көчөсү- №3

Добавить комментарий