“13” декабрь 2022-жыл № 2 Казан-Куйган айылы
ТОКТОМУ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
28-чакырылышынын кезекесиз 17-сессиясы
Казан-Куйган айыл айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Усупов Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Казан-Куйган» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
- Усупов Казыбек Сырымбетович айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) «Казан-Куйган» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар
түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн.
2) « Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык
курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан
күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында
каттасын.
З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине
камтысын.
З. Ушул Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-декабрындагы 17-сессиясынын № 2 токтомун Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы Шаарбек уулу Бекназар