“10” – февраль 2023-жыл № 2 Казан-Куйган айылы
ТОКТОМУ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
28-чакырылышынын 18-сессиясы
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- 2023-жыл үчүн жайыт акы,таза суу,мусор,сугат суу,мончолордун төлөмдөрү төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
— Ири мүйүүздү 1(бир) баш малга 90-сомдон
— Жылкынын 1 (бир) башына 90-сомдон
— Кой-эчкиге 1 (бир) башына 18-сомдон
Таза Суу
Абонент суу системасын короосуна,үйүнө киргизгендер үчүн – 120 –сом
Абонент сууну калонкадан ташып ичкен болсо – 60-сом
Мусор чыгарганга
Ар бир түтүнгө 50 – сом
Сугат сууга
1 сотых жерге 5 сом ар бир сугат үчүн
Менчик мончолорго
Айына 500 сом
Айыл өкмөтүнө караштуу болгон техникалар, мончо келишим менен бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомуна ылайык, “Казан-Куйган Таза-аймак” мунципалдык ишканасына милдеттердирилсин.
Төрөга Шаарбек уулу Бекназар