28-март, 2023-жыл № 1 Казан-Куйган айылы
ТОКТОМУ
Казан-Куйган айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын
кезексиз 19-сессиясынын
Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдар үчүн стратегиялык өнүктүрүү планына кошумча киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү тууралуу угуп жана талкуулап.
токтом кылат:
- Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына “Кичи футбол аянтчасын” куруу долбоору кошумча киргизилсин
- Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына Казан-Куйган айылындагы «Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу» долбоору кошумча киргизилсин.
- Бекитилген стратегиялык долбоорду ишке ашыруу боюнча айыл аймактын айыл өкмөтү, мекеме-ишкана жетекчилери зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага: Шаарбек уулу Бекназар