28-март, 2023-жыл № 2 Казан-Куйган айылы
ТОКТОМУ
Казан-Куйган айылдык Кеңешинин 28- чакырылышынын
кезексиз 19-сессиясы
2023- жылга жыл башында калган акча каражаттан Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун “Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу долбоорун” каржылоо жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын тургундарынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулуштун чечимин жана кезексиз сессияда айтылган сунуш пикирлерди эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы наркы 5674230,0 (беш миллион алты жүз жетимиш төрт миң эки жүз отуз) сомду түзгөн Казан-Куйган айыл аймагынын “Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу долбоору” жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары “Казан-Куйган айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 138400 (бир жүз отуз сегиз миң төрт жүз) сом бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Шаарбек уулу Бекназар