2022-жыл 28 чакырылышынын 5-сессиясы №2

13 – февраль 2022-жыл    № 2                                                                 Казан-Куйган айылы

ТОКТОМУ

Казан-Куйган айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын    5-сессиясы

Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Казан-Куйган айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып,

                   Казан-Куйган айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылга карата 13 пунктан турган иш- планы жана 13 пункутан турган уюштуруу – массалык иштери бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Тиркеме 3 баракта

Төрага:                                                                                         Шаарбек уулу Бекназар

 

 Казан-Куйган айылдык Кеңешинин 2022-

 жылдын 13-февраль № 2 токтому менен

 бекитилген

Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылга карата

иш планы

I .2022-жылы Казан-Куйган айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:

1.Айылдык кеңештин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү (кеңештин төрагасы)

  1. Казан-Куйган айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн программаларын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2022- жылдын 1-2-3-4-каврталы үчүн отчет ( 2022-жылдын апрель,июль,октябрь, айлары А\Ө башчысы, тийиштуу адистер)
  2. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл башынан калган калдыктан  акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ( айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )
  3. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы ( 2023-жыл январь,февраль айылдык кенештин финансы – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )
  4. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата иш-планы, ( Жайыт комитетинин төрагасы Карабагышев О. 2022- жылдын 1- кварталы )
  5. Казан-Куйган айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүктрүүнү жана коргоонун программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыжаларын бекитүү ( 2022- жыл , Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы .)

8.Бюджеттин аткарылышы 2022- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 3 айлык, 6 айлык, 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө ( 2022- жыл, айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси, Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы. апрель,июль, октябрь айлары )

  1. Казан-Куйган айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин 2022- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча планынын аткарылышы жөнүндө ( 2022- жыл, айылдык кенештин бюджет,финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана жайыт комитети алты айлык отчету июль ,жылдык отчету 2023-жыл январь февраль айлары ).
  2. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторунун жыл ичинде аткаруучу иш- планы, кылмыштуулуктун жалпы абалы ( учаткалык инспектор 2022- жыл ).
  3. Айылдык кенештн туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу. ( 2022-жыл декабрь айы)
  4. Кезексиз сессияларды өткөрүү ( жыл ичинде )

13.Айылдык кенешинин төрагасынын отчетун угуу ( 2023- жыл февраль )

  1. Уюштуруу-массалык иштер
  Иш чаранын мазмуну Мөөнөтү Аткаруучулар, жооптуулар Эскертүү
  11 Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү Кварталда бир жолу Кеңештин төрагасы  
  22 Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. 4 айда бир жолу Туруктуу комиссиялардын төрагалары  
  33 Депутаттардын  жергиликтуу активдер менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу 6 айда бир жолу Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар  
  44 Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) Жылына кеминде бир жолу Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар  
  55 Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу Жылына бир жолу Айыл окмоту  
  66 Алдыңкы айылдык кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) Жылына 1, 2 жолу Кеңештин төрагасы  
  77 Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө 2022-жыл, сентябрь Социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссия  
  88 Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө
  99 28-чакырылыштагы Казан-Куйган айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө 2022-жылдын ар бир кварталында Кеңештин жооптуу катчысы  
  110 Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү 2022-жыл

квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысы жайыт комитетинин торагасы  
  111 Казан-Куйган айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө 2022-жыл, 2-квартал

 

Муниципалдык менчик,жер,турак-жай,жайыт,экология,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия  
  112 Казан-Куйган айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы
  113 Айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү Биринчи квартал Айыл өкмөтү  

Добавить комментарий