2022-жыл 28 чакырылышынын 7-сессиясы

“11” апрель  2022-жыл     №  1                                                             Казан-Куйган айылы

           ТОКТОМУ

                           Казан-Куйган айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

28-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

       Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин кигргизуу жөнүндө

                     Казан-Куйган айыл аймагынын  айылдык Кенеши токтом кылат

  1. 15-апрелден тарта Казан-Куйган айылында биринчи аңдан баштап ылдый жакты карай корулсун. Корукчунун эмгек акысына ар бир тутундон бир жолу 200 сом өлчөмундө акча каражаты чогултулуп берилсин. Казан Куйган айылынын ички жана тышкы коругуна Бекбоев Нуртаалай , Асеков Курманбек дайындалсын.
  2. Айыл ичиндеги ээн баскан субай малдарды, айылдын ички коругу катары каралып жаткандыгына байланыштуу корукчулар көзөмөлгө алсын.
  3. 15-апрелден баштап Кара-Талаа участкасында корук башталсын. Эмгек акысы учун кайтарылган 1 га жер аянты учун  2 боо чөп же болбосо 2 боо чоптун акча каражаты,  арпа-буудай айдалган жер аянты учун 20кг арпа-буудай берилсин. Кара Талаа өрөөнү боюнча Искенов Субан, Күнтууганов Абдырашит, Шайымкул уулу Адылбек корукчу болуп дайындалсын.
  4.  Айдоо аянты катары корулуп жаткан жер аянтына тушкон ар  бир мал учун фото, видео тастыктоо жана эскертүү менен кой-эчкиге 50сом, музоого 100сом, уй-жылкыга 200 сом, уйур жылкы тушсо 2000 сом айып пул салынсын. Экинчи ирээт түшкөн ар бир мал башына  эскертүүсүз;  кой-эчкиге 100 сом, музоо 200сом, уй-жылкыга 500 сом, үйүр жылкы түшсө 4000сом өлчөмүндөгү айып пул салынсын.
  5. Камакка малы түшүп жекече себептер менен албай койсо мал ээсине эскертүү берилип айып пулу мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин. Малы өлүп калбашы үчүн жайып кайтарган ар бир күн үчүн корукчуга 500 сом мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
  6. Казан-Куйган айылында суу башчысы болуп Карабагышов Турсунбек дайындалсын. Сугарылган 1 га жер үчүн айыл тургундары тарабынан 500 сомдон берилсин.
  7. Сугат сууну эртең мененки саат 5:00 дөн, кечки 17:00 гө чейин ылдый жакка үчүнчү аңдан баштап берилсин, 17:00 дөн кийин айыл ичине жана айылдын төмөн жагы алсын. Кезекке турбай өзүм билемдикке салып алган тургундарга ар-бир жолкусуна 500 сомдон айып салынсын. Алынган айыптын бир болугу каналды ондо-тузоо иштерине,бир болугу суу башчысына берилсин.
  8. Сууну ысырап пайдаланып,ашыкча узак моонотко кармап жаткан, кароосуз таштаган жашоочулар үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынсын. Бул боюнча козомол суу башчысына милдеттендирилсин.
  9. Айыл ичинде канал тазалоого чыкпаган жарандарга чара көрүлсүн.
  10. Уйдун бадасы корук башталган күндөн башталсын.Айыл ичине 2 саан уй 1 мингич аттан сырткары субай мал калтырылбасын. Айыл ичинде,ички жайыттарда субай мал калтырылса, ар бир мал башына 3000сом олчомундо айып пул салынсын. Ал эми жайлоого көчүү 05-июнга чейин аяктасын. Белгиленген убакыттан кечигип, кочпой жургон малчыларга айыл окмот тарабынан айып пулу салынсын. Бул маалымат ар бир жайлоого кочо турган тутунго маалымдалсын. Жайлоодон көчүп келүү, Кара – Талаа участкасында  оруп жыйуу өнөктүгү толугу менен аяктагандан кийин кочуп келишсин.Оруп-жыйуу оноктугу толук буто элек мезгилде кочуп келген малчыларга 10000сом олчомундо айып пул салынсын.  Бул  боюнча айыл өкмөт тарабынан учурунда кошумча маалымдасын.

  1. Эгинди жана табигый чөптү тебелеп зыянга учуратса, мал ээсине чыгымды толугу менен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

                  Айыл чарба техникаларынын кызмат корсотуусу

Айдалып жургон жерди айдоо         25 литр май          1800сом Казан-Куйган Кара-Талаа
Жер тырмоо         10 литр май          750 сом  Кара-Талаа
Дың жер айдоо 30 литр май  1800 сом  
Огород айдоо0,15га 5 литр май          300 сом  
            Себүү 10 литр май          750 сом  
Чөп чабуу 10 литр май    1200 сом  
Чөп пресстөө 10 литр май 1 боого 9 сом  
Чөп тартуу 45 литр май 1500 сом Кара-Талаа
Чөп тартуу 5-7-10-литр май 500 сом Казан-Куйган
Арык тартууга 1 га 3 литр май 200 сом  
  Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн тракторлору    
Айдалып жургон жер айдоо 25литр май 1400сом Казан-Куйган Кара Талаа
Дын жер айдоо 30 литр май 1600сом Казан-Куйган Кара-Талаа
        Тырмоо 10литр май 600сом Казан-Куйган

Кара-Талаа

  Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн чоп чабуучу Е-302 техникасы    
Чоп чабуу 10литр май 1000сом Казан-Куйган

Кара-Талаа

  Экскаватор    
2м терендикте казуу   1 метр жерди 250 сом  

  • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казан-Куйган айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Ч.Мамбеткуловго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                  Шаарбек уулу Бекназар

 

 

 

Добавить комментарий