2022-жыл 28 чакырылышынын 8-сессиясы

“ 18 ” май 2022-жыл   № 1                                                                   Казан-Куйган айылы

                                                                   ТОКТОМУ

Казан-Куйган айылдык Кеңешинин  28 – чакырылышынын кезексиз

8-сессиясынын

Казан-Куйган айылдык Кенешинин -чакырылышынын   Жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин жана жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө.

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 10 сомдон төлөнсүн бодо малга 50 сомдон.
  2. Жайыт эсебиндеги башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянттарынын жерине ( КР Окмотүнун 515 токтомунун негизинде) ар 1 га жерге 1000 (мин) сомдон төлөнсүн.
  3. Жайлоого 5-июндан кечигип,көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга бузуулар кодексине ылайык айып салынсын.Ички жайыттарды рационалдуу пайдалануу максатында 5-июндан кийин 2 саан уй, 1 мингик аттан сыртткары мал калтырылбасын. Калып калган субай малга бузуулар кодексине ылайык айып пул салынсын.
  4. Күздөөгө 1-октябрдан эрте көчүп келбесин. Бул эржелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн. Эрте көчүп келген малчыларга бузуулар кодексине ылайык айып салынсын.
  5. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн, малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрөлсүн.
  6. Малын кем санаткан жайыт пайдалануучуларга ар бир кой, эчкиге 100 (жүз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айып салынсын
  7. Казан-Куйган айыл аймагынын жайыт жеринде тур өткөрүп жаткан аңчылык фирмалар жайыт комитети менен келишим түзүп, келишимде көрсөтүлгөн сумманы жайыт комитетинин эсебине которуп беришсин.
  8. Белгиленген таштанды таштоочу жайдан сырткары жайыт жерге төгүлгөн ар бир машина таштандыга 5000 (беш мин) сом айып салынсын. Казан-Куйган айылына караштуу жайыт жерлеринен алынып жаткан топурак, шагыл жүктөп берип жаткан экскватор менен келишим түзүлуп, келишимде көрсөтүлгөн сумма жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин. Жайыт комитетинен уруксат жок

алынган ар бир кузов шагыл, топурак үчүн 5000 (беш миң ) сомдон айып салынсын.

  1. Казан-Куйган айылындагы элдин малын баккан малчылар ар бир баш кой, эчкиге 50 (элүү) сомдон, багышсын. Бодо мал үчүн айыл тургундарынан 300 ( үч жүз) сомдон багылсын.
  2. Жайыт акы майда жандыкка башына 10(он) сомдон, бодо малга 50(элүү) сомдон, топозго бир башына 70(жетимиш) сомдон мал ээлери төлөшсүн. Башка жактан келген малдарга: майда жандыкка 20 (жыйырма) сомдон, бодо малга 100 (жүз) сомдон мал баккан чабан төлөнсүн.
  3. Солтон-Сары жайлоосуна жайыт комитети менен келишим тузбостон жайытка жайылган ар бир мал башына топозго(200) айып пул салынсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрөгасы Ө.Карабагышовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.

Төрөга:                                                                                               Шаарбек уулу Бекназар

 

Добавить комментарий