2022-жыл 28 чакырылышынын 10-сессиясы

13 – июль 2022-жыл    № 1                                                                         Казан-Куйган айылы

ТОКТОМУ

Казан-Куйган айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын   10-сессиясы

Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Актуалдуу көйгөлөрдү жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди чечүү боюнча максатту иш алып баруу үчүн Казан-Куйган айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө Казан-Куйган Айыл өкмөтүнүн башчысы Усупов.К маалыматын угуп жана талкуулап, Казан-Куйган айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Казан-Куйган айыл өкмөт башчысына «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишанасын уюштуруусун тапшыруу.
  2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялоого, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жана «Казан-Куйган – Таза аймак» муниципалдык ишканасын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү Казан-Куйган айыл өкмөтүнө милдеттерилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Казан-Куйган айылдык кенешинин төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы                                          Шаарбек уулу Бекназар

 

 

 

Добавить комментарий